7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионатында калыстын катасынан Үзүр Жусупбеков күмүш алып калды

894

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатына катышып жаткан улуттук курама команданы куттуктап, колдоо сөздөрү менен телефон чалды.

10-апрель түнү Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен болгон баарлашууда Акылбек Жапаров грек-рим күрөшү боюнча  алтын медаль алып Азия чемпиону болгон Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбеков менен Акылбек Талантбековго, ошондой эле байгелүү орунга ээ болгон спортчулар: Үзүр Жусупбеков (күмүш), Роман Ким (коло), Раззак Бейшекеев (коло) жана Адилхан Нурланбековго (коло) жалпы кыргызстандыктардын атынан куттуктоо сөздөрүн айтып коюуну өтүндү.

МинКаб төрагасы бүтүндөй өлкө улуттук курама командага жан үрөп жатканын жана калыстын катасынан чемпионатта күмүш алган Үзүр Жусупбеков баш болгон спортчулары үчүн катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

“Биз бардык спортчуларыбыз менен чексиз сыймыктануудабыз. Чемпионаттын алгачкы күндөрү бизге жети медаль алып келди. Бул эң сонун башталыш! Мелдештерде чемпиондук үчүн күрөшө элек калган спортчуларыбызга ийгилик жана жеңиш каалайм” — деген Акылбек Жапаров бардык кыргызстандыктар “эркин күрөшчүлөрдү” жана балбан кыз-келиндерди колдой турганын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

895