7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан коло утту

438

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдирди.

Улукбек Жолдошбеков 65 кг чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды. Ал эми Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды жеңип, коло байгеге татыды.

Эске салсак, ушул тапта «Бишкек Арена» муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

  • 11-12-апрель күндөрү эркин күрөш,
  • 13-14-апрель кыз-келиндер арасында,
  • 15-16-апрель грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алат.

439