Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозбек Токтомамбетов Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.
Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште Кытайлык балбанды 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалдык беттеште Кореянын балбанын 10:0 эсебинде утуп жарым финалга чыкты. 1/2 финалдык беттеште Өзбекстандын балбанын 10:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Алтын медаль үчүн беттеште Казакстандык Нуркожа Кайпановго 2:1 эсебинде утулуп, Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.