7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия кубогу: Кыргызстан алгачкы беттешинде Таиландга жеңилип калды

452

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы оюн өткөрдү.

Оюн Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү.

Оюндун биринчи таймында эки курама тең күчтүүлүгүн көрсөтүп, бири-бирине кооптуу чабуулдарды жасашты. Оюндун биринчи бөлүгүндө Таиланддын курамасы алдыда болуп, 1:0 менен аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө «Ак шумкарлардын» дарбазасына дагы бир гол киргизип, оюн 2:0 эсебинде Таиланд командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, Азия Кубогуна жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия биринчилигине өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат.

Кыргызстандын улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган, атаандаштары Таиланд, Сауд Аравия жана Оман курамалары болот.

Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтүүдө.

453