Японияда өтүп жаткан XX жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Акжол Махмудов алгачкы беттешинде япониялык атаандашы Нао Кусакадан утулуп калды. 0:1 эсебинде япониялык балбан утушка ээ болду.
Махмудов жооткотуучу беттеште казакстандык балбан Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде утту. Эми ал коло үчүн беттешет.
Ал эми балбан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда түркмөнстандык спортчу Азатжан Очиловду 8:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Белгилей кетсек, кыргызстандык балбан Асан Жанышов күмүш, Раззак Бейшекеев менен кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова коло медал алды.



