4-октябрда улуттук курама Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Ливандын улуттук курама командасы менен беттешет.
Буга чейин Кыргызстан менен Ливан 3 жолу беттешкен. Анын ичинен эки оюн тең чыгуу менен аяктаса, бир беттеште Ливан курамасы жеңишке жетишкен.
Эске салсак, улуттук курама буга чейинки беттешинде Мальдив аралдарын 5:0 эсебинде жеңген. Ал эми Ливан менен боло турган оюн команданын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыгынын маанилүү баскычы болот.
Урматтуу футбол күйөрмандары! Улуттук курама командабызды стадиондо колдоп, футболчуларыбызга дем-күч берүүгө чакырабыз!
Билеттерди ticketon.kg сайтынан сатып алсаңыздар болот.
Мындан тышкары, күйөрмандардын арасында жаңы iPhone ойнотулат!



