Бүгүн, 1-октябрдан тарта өлкөдө пенсиянын өлчөмү көбөйтүлдү.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга индексацияланат. Бирок көбөйтүлгөн сумма 10 миң сомдон ашпайт. Ал үчүн 4,4 миллиард сом каралган.
Ошондой эле пенсиянын жалпы өлчөмү 8800 сомдон кем болбойт. Буга чейин пенсиянын минималдуу өлчөмү 7100 сомду түзгөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча пенсионерлердин саны 832,4 миң адамды түзөт.



