КРнын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу операциясына каражат чогултуу жабылды. Жалпы бир суткада 1 млн 565 миң сом чогулган. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда маалымат жыйында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
«Кайдыгер карабай, акча чогултууга салым кошкон жарандарга чоң рахмат. Кыргыз элинин үнүн уккан президентке дагы терең ыраазычылык билдирем», — деди ал.
Ал эми, Азиз Мурадиллаевге чогулган каражаттын 65 миң сому жүлүнүн алмаштыруу операциясына муктаж болуп жаткан Жамиля аттуу кыздын апасына берилди.https://7tv.kg/aziz-muradillaevge-chogulgan-akchanyn-65-mi-somu-operatsiyaga-muktazh-kyzga-berildi-video/
Белгилей кетсек, бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды президент Садыр Жапаров берген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram