Бүгүн, 5-декабрда Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы, ага чогултулган каражат боюнча маалымат жыйын өттү.
Ассоль Молдокматова жалпы кыргыз элине жана президентке ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, акча чогултулуп баштагандан бир нече сааттан кийин ал президентке кайрылган, 40 мүнөттөн кийин эле Азиз Мурадиллаевдин операциясы үчүн 42 миң доллар акча президенттен алып келишип, жубайынын колуна тапшырышкан.
“Бир түндө 3 миң доллардан ашык акча чогултулган. Учурда Мурадиллаевдин абалы оор, ал реанимацияда. Биз акча чогултууну токтоткондо, 1 миллионго жакын акча чогулган. Түнү менен көп бөлүшүүлөр болуп, 1,5 миллион 65 миң сом болду. 1,5 миллион сомду апасынын колуна тапшырабыз. Жалпы чечим чыгарып, 65 миң сомду жүлүнүн алмаштыруу операциясына муктаж болуп жаткан Жамиля аттуу кыздын апасына тапшырабыз,”- деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин операцияга 45 миң доллар керек экендиги айтылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram