КРнын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлмай болду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирди.
Буга чейин маркумдун акыркы каалоосу болуп, аталган көрүстөнгө сөөгү коюлушу болгондугу айтылган.
Ал эми, Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 19-декабрда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөөрү маалым болду.
Кечээ, 17-декабрда Азиз Мурадиллаев узакка созулган оорудан улам 44 жашында дүйнөдөн өттү.