7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мойнуна бычак сайып…» Чүйдө 36 жаштагы жаран таанышын өлтүргөн

545

Аламүдүн районунда өзүнүн тааныш адамын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрь күнү милицияга Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын тургуну 1978-жылы туулган К.С. аттуу жарандын, бычактан жаракат алып каза болгон денеси табылгандыгы туралуу билдирүү түшкөн.

Аталган факты Аламүдүн РИИБне катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинде көрсөтүлгөн (адам өлтүрүү) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштердин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары 1986-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалды. Ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам, бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жиберген.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546