7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн 16:25те Кыргызстан менен Япония беттешет

424

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Япониянын спортчулары менен мелдешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда өтөт. 39 миңден ашык оруну бар стадион 2015-жылы ачылып, кийинки жылы клубдук дүйнө чемпионатынын төрт оюнун кабыл алган.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те көрсөтүлөт. Түз эфирди жергиликтүү КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV каналдарынан жана Sportrecs платформасынан табууга болот. Акыркы платформа Кыргызстандын аймагында гана жеткиликтүү.

Эскерте кетсек, буга чейин курама команда Японияда эки беттеш өткөрүп, биринчисинде Монголиядан утулуп калса, экинчиде Мьянманы ири эсеп менен жеңген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

425