7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күч сынашат

643

Бүгүн, 16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күч сынашат.

Маалым болгондой, аялдар арасында эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиондору аныкталып, 5 медалдар топтому ойнотулат. Кыргызстандан эки спортчу Назира Марсбек кызы менен Айсулуу Тыныбекова килемге чыгышмакчы. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.

Эске сала кетсек, кече, 15-апрелде Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда монголиялык балбан кызды жеңип, алтын медалга ээ болгон. Сыйлык тапшыруу аземинде өлкөбүздүн гимни жаңырганда Мээрим Жуманазарова кубанычтан көзүнө жаш алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644