Бүгүн, 16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күч сынашат.
Маалым болгондой, аялдар арасында эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиондору аныкталып, 5 медалдар топтому ойнотулат. Кыргызстандан эки спортчу Назира Марсбек кызы менен Айсулуу Тыныбекова килемге чыгышмакчы. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталды.
Эске сала кетсек, кече, 15-апрелде Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда монголиялык балбан кызды жеңип, алтын медалга ээ болгон. Сыйлык тапшыруу аземинде өлкөбүздүн гимни жаңырганда Мээрим Жуманазарова кубанычтан көзүнө жаш алган.