Бүгүн, 15-апрелде саат 12:00дө уурдалган Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу ИИМдин имаратынын жанында экинчи ирет митинг өтөт. Белгилей кетсек, биринчи митинг 8-апрелде болуп, анда белгилүү адамдардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, сүрөтчүлөрдүн катышуусунда өткөн.
Уюштуруучулардын айтымында, бүгүн алар Айзада Канатбекованын уурдалышына жана өлтүрүлүшүнө күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалоону талап кылышат.
Мындан тышкары, акциянын катышуучулары ар бейшемби сайын ИИМдин дарбазасына кызгылт сары ленталарды байлап турууну көздөп жатышат.
Эске салсак, 5-апрель күнү Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде топтошкон балдар 27 жаштагы Айзада Канатбекованы күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Унаа эки күндөн кийин табылып, анын ичинен кыздын жана аны уурдап кеткен адамдын жансыз денеси табылган.