7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иса Өмүркулов: Пандемияда өтүп кеткен медиктерге эстелик тургузалы

890

Бүгүнкү күндө пандемиянын 3-толуну башталуу коркунучу бар.
Өлкөдө жалпы коронавирустан жабыркагандар 100 000ден ашат. Алардын ичинде 100го жакын медицина кызматкерлери, илдет менен күрөшүп жатып каза болгон. Алардын урматына эстелик тургузуу демилгесин, депутат Иса Өмуркүлоа бүгүн, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында көтөрүп чыкты.

«Өзүнүздөр билесиздер, башында атайын коргоочу формалары жок, жылаңач колу менен ооруга каршы кармашып келишти. Азыркы учурда мамлекет тараптан көңүл буруу жакшы. Бирок, көзү өтүп кеткен медицина кызматкерлерине эстелик тургузуу боюнча демилге көтөргөн врачтар бар. Демөөрчүлөр да бар. Сиздерге кайрылаарым, күн тартибине коюп, өкмөткө тапшырма берсек. Шаардын көрүнүтүү жеринен орун бөлүп берсе, ошол эл үчүн иштеп, курман болгон медицина кызматкерлерине эстелик тургузсак«-деди Өмүркулов.

Эске салсак, Өкмөт 1-апрелден Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгын көтөрдү. 1-июлдан баштап калган медайым, санитарка жана башка баардык медкызматкерлердин айлыгы 50, 40 % жогорулашын убада кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

891