Бүгүн, 18-сентябрга карата коронавирус Баткенде катталган жок. Бирок, өлкө боюнча 3 бейтап каза болду. Өлкө ичинде акыркы бир сутка ичинде 86 адамдан жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында – 54,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 13,
Талас облусунда – 1,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 14,
Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 586 бейтап, амбулатордук түрдө 900 адам дарыланууда. 18-сентябрга карай 96 адам илдеттен сакайып чыккан.