Казакстан Кыргызстан менен билим берүү жаатында 5 багытта адистерди даярдоону колго алып, университеттердин бирине Казакстан мамлекеттик университетинин филиалын ачуу, туризмди өнүктүрүүдө турларды жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө жарманкелерди уюштуруу, маданий-гуманитардык багытта иш-чараларды өткөрүү боюнча бир топ иштер аткарылып жаткандыгына токтолду.
Кечээ, 17- сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Элчи Рапиль Жошыбаев Казакстандын Ош шаарындагы жаңы консул Мухтар Карибай менен тааныштырды. Шаар башчысы Ош шаары Казакстандын Тараз шаары менен IT жана туризм багытындагы адистерди даярдоо жаатында кызматташуу боюнча сунушун билдирди.
Мындан тышкары туризм багытын жогорулатуунун алкагында авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча ой-пикирлер ортого салынды.