24-апрелге карата коронавирус дагы 325 адамдан аныкталды. Бишкек шаарынан 4, Ысык-Көл облусунан 1 бейтап каза болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкекте – 194,
- Ош шаарында – 2,
- Чүй облусунда – 90,
- Ош облусунда – 6,
- Талас облусунда – 1,
- Ысык-Көл облусунда – 20,
- Нарын облусунда – 5,
- Жалал-Абад облусунда – 6,
- Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 163 адам коронавирустан айыгып чыккан.
- Бишкекте – 84,
- Ош шаарында – 2,
- Чүй облусунда – 54,
- Ош облусунда – 1,
- Жалал-Абад облусунда – 5,
- Нарын облусунда – 8,
- Ысык-Көл облусунда – 8,
- Баткен облусунда – 1 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 417 бейтап, амбулатордук түрдө 1 753 адам дарыланууда. 1011 бейтаптын абалы орто оордукта, 332 адамдын абалы оор жана 58 бейтап өтө оор абалда жатат.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.