Баткен ОИИБи чек арадагы жоголгон балдар тууралуу комментарий берди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын апрель айынын башынан бери Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу айылынын түштүк тарабында тигүү цехи салынып жаткан. Бул аймак Тажик Республикасынын Б.Гафуров районуна жакын жайгашкан.
Лейлек районунун Бешкент айылынын Эски-Оочу айылынын тургундары 2002-жылы туулган Ашрапов Дастан Абибиллаевич жана 2000-жылы туулган Каныбек уулу Кубатбек курулуш иштерин жүргүзүп, 2021-жылдын 23-апрель күнү саат 22.00 чамасында курулуш материалдарын коруп жатуу максатында курулуш болуп жаткан жерге келип түнөшкөн.
2021-жылдын 24-апрель күнү эрте мененки тамактанууга Ашрапов Дастанбек менен Каныбек уулу Кубатбек үйлөрүнө барган эмес.
Бул факты Лейлек РИИБнин материалдардын электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Дайынсыз жоголгон эки жаран боюнча багыттамалар түзүлдү.