Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында кар жаап, туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-январь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
«Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт», — деп берилет маалыматта.