Бүгүн, 22-июнда Борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Саат 09:00дөн 24:00гө чейин «Кыргызстан-1» конушу, Кырман көчөсү, Кожомкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ч.Айтматов проспектисинин батыш тарабынан Кожомкул көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас айылы менен чектешкен аймакта суу берилбейт.
Суу ВДНХдагы диаметри 300 мм жана 200 мм суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.