Эскилиги жеткен түтүктөрдү пландуу алмаштырууга байланыштуу, бүгүн саат 09:00дөн 16:00гө чейин жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Алмаштыруу иштери Ахунбаев көчөсү, 187 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жүргүзүлөт.
Жылуулук жана ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:
Шота Руставели көчөсү, 97, 99, 101;
Ахунбаев көчөсү, 187, 187А, 189, 189а;
Жунусалиев көчөсү, 72.
Белгилей кетсек, оңдоо иштерин кыш мезгилинде да жүргүзүп келебиз, себеби жылуулук берилип жаткан мезгилде жасалуучу участоктор аныкталат .
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.