Бүгүн, 13-ноябрда, жылуулук тармагындагы бузулган жерди аныктоо жана оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү даректерде жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу чектелет:
“Асанбай” кичи району: 4, 3, 2, 2/1, 8, 9, 8/3, 8/1, 10, 11, 13, 2а, 15а, 15, 14, 17, 17/1, 3в, 18, 19, 2123/2, 22, 23, 29, 28, 25, 27;
А. Токомбаев көчөсү: 53/1г, 53/3, 53/1б.
Бузулган жерди оңдоо иштерин бүгүн аяктоо пландалууда.
“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.



