Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү бүгүн, 13-ноябрда аяктады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоого катышуу ниетин 11 адам билдирген.
Учурда талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу иштери уланууда. Бул жараян 2026-жылдын 7-декабрына чейин созулат. Мыйзамга ылайык, ар бир талапкер каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын топтошу керек.



