Бүгүн, 26-мартта Бишкектин борборунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:00дөн 15:00гө чейин Панфилов көчөсү — Манас проспектиси — Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы менен чектелген аймакта суу болбойт.
«Суу «Тоголок Молдо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалар менен тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт», — делет маалыматта.




