Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы бүгүн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтында жарыяланды.
Мааыламатка ылайык, 76 килограмм салмак даражасында ат салышкан Медет кызы болгариялык Мария Оряшкова менен кез келет.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү кечээ 55, 62 килограмм салмактагы спортчу кыздардын мелдеши менен башталган. Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) финалга чыкты.
Бүгүн ал Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн АКШлык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен кармашат. Финалдык беттештер бүгүн кечинде болот.