7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абакта олтуруп ишкерлерди коркутуп акча талап кылган криминалдык чөйрөнүн мүчөлөрү кармалды

1240

Абакта олтуруп ишкерлерди коркутуп, опузалап акча талап кылган криминалдык чөйрөнүн мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жана эркинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткандар узак убакыт боюу ишкерлик чөйрөсүндө алектенгендерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.

 2020-жылдын күз айында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышканы аныкталган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин  ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана толук товарын тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Жакында шектүүлөрдүн бири   Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган С.Б. Талас облусунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин негизинде соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган.

Кылмышкерлер ишкерлерден кирешелеринин бир бөлүгүн дайыма берип турушун талап кылышкан. Азыркы учурда Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1241