Бүгүн өлкөдө бир учурда 45 жаңы объектинин ачылышы жүрүп жатат
470
Бүгүн өлкөдө бир учурда 45 жаңы объектинин ачылышы жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ага МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров онлайн байланышта старт берди.
Бул окуяны экономиканын көрсөткүчү катары белгилегим келет. Себеби, кайсы бир учурларда жаңы имараттардын ачылышын айлап-жылдап күткөн болсок, азыр жетекчилерибиз арты-артынан бүткөн объектилердин ачылыш аземине катышууга жетише албай жатышат.-дейт Орунбеков
Баткен облусунда 25 объект
4 – административдик имарат,
4 – кызматтык турак үйлөр,
3 – тигүүчү цех,
3 – эс алуучу парк жайлары,
3 – спорт зал,
2 – мектеп,
2 – балдар бакчасы,
2 – логистикалык борбор,
1 – лаборатория,
1 – ишкана.
Жалпы 25 объект ачылды. Ош облусунда 10 объект:
3 өнөр жай, 7 – соцалдык объект. Алардын ичинде: 3 – балдар бакчасы, 2 – мектеп, 2 – үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 – тигүүчү цех жана 1 – көмүрдү кайра иштетүүчү ишкана.
Ысык-Көл облусу боюнча 4 объект:
Лесное айылындагы (Теплоключенка) кичи ГЭС, Жаңы-Арык айылындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишканасы, Балыкчы шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу, жана Түп айылындагы райондук жалпы дарыгердик практика борбору ачылат.
Нарын облусунда 3 объект:
Төш-Булак, Орук-Там, Ак-Кыя жана Орто-Саз, Жаңы-жол айылдарындагы таза суу системасы. Эчки-Башы айылындагы ФАП.Жалал-Абад облусунда 2 обьект:
Жазгак айылындагы № 34 Жазгак жалпы билим берүүчү мектебинин спорт залы жана Арстанбап айылындагы №50 мектепке чейинки билим берүү уюму.
Акназаров айыл аймагында Кызыл-Жар жана Жалпактил каналы.