7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн мигранттардын Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруунун мөөнөтү аяктайт

259

Бүгүн мигранттардын Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруунун мөөнөтү аяктайт.

2025-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелге чейин Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым категорияларынын өлкөдөн чыгаруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар күчүнө кирген.

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президентине биздин жарандардын Россиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттү узартуу өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Мындан улам бул мөөнөт 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.

Белгиленген мөөнөттө укуктук статусун жөнгө салбаган чет өлкөлүк жарандарга Россияга кирүүсүнө тыюу салуу жана өлкөдөн чыгаруу чаралары көрүлөт (депортация).

260