7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталат

16

20-25-октябрда Ош шаарында көк бөрү федерациясынын 30 жылдыгына арналган Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы билдирди.

Мелдеш Төлөйкөн ат майданында уюштурулуп, ага алты команда — Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош жана Баткен облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан келген командалар күч сынашат.

Көк бөрү боюнча Кыргызстан чемпионатына үч команда катышпай тургандыгы Көк бөрү федерациясынан түшүндүрүп беришти.

Алардын маалыматы боюнча, Нарын облусунун командасы турнирге аттарды даярдай алган эмес. Көпчүлүк аттар жакында өткөн мелдештерге, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана жаштар арасындагы турнирге катышкандыктан, жаңы оюндарга азырынча даяр эмес.

Бишкек командасында каржылык кыйынчылыктар жаралган. Спортчулар мэрия убада кылган каражаттарды, анын ичинде мурунку Таласка болгон сапарга байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн бөлүнгөн акчаны ала электиги кабарланды.

Жалал-Абад облусунда жакында эле аймактык көк бөрү федерациясынын жаңы президенти шайланган. Команда кийинки мелдештерге катыша алат деп күтүлүүдө.

17