Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 53 жашка толду.
Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.
Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. 2006-жылы Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон.
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 1986–1987-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;
- 1987–1989-жж. — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
- 1989–1995-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;
- 1996–2000-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасынын төрагасынын орун басары;
- 2000–2002-жж. — «Гузель-МХААД» ЖЧК башкы директору;
- 2002–2005-жж. — «Нурнефтегаз» ЖЧК башкы директору;
- 2005–2007-жж. — Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;
- 2007-2009-жж. — Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;
- 2008–2009-жж. — Улуттук коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары;
- 2009–2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору;
- 2010–2013-жж. — Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;
- 2020-жылдын октябрь айынан тартып — Кыргыз Республикасынын премьер-министри, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу.
- 2021-жылдын 28-январынан тартып — Кыргыз Республикасынын президенти.