7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ЖЕЭК жыйыны өтөт

513

Бүгүн, 27-майда, президент, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында ЖЕЭК жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саммиттин күн тартибинде кеңейтилген жана чакан чөйрөлөрдө 15 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу ж. б.

Жыйынга Беларус Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкө лидерлери катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель катышат.

Эске салсак, 2022-жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

ЖЕЭК жыйынын УТРК жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт. Башталышы 16.00.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514