Чабандар мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жай мезгили келип, малчылар жана чабандар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго жайлаганы чыга баштаганына байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында тактап айтканда, Төө-Ашуу ашуусунда жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннель аркылуу мал айдап өтүшөт.
Ошондуктан тоннелде жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында, унаалардын бардык түрүнө 15-20 мүнөт аралыкты сактоо менен тоннелдин эки тарабынан тең убактылуу жол жабылып турат.