7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрт колледждин окуу-өндүрүштүк комплекстери ачылды

588

Төрт колледждин окуу-өндүрүштүк комплекстери ачылды. Бул тууралуу Биим берүү жана илим минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуу-өндүрүштүк комплексинин негизги максаты – бул студенттерди жумуш ордунда окутуу үчүн шарттарды түзүү. Мындан улам колледж бүтүрүүчүлөрүнө практикалык көндүмдөргө ээ болуп, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзүлөт.

Окуу-өндүрүштүк комплексинде, мисалы, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде студенттер унаа оңдоочу жайда иштеп, ветеринария боюнча көндүмдөрдүн өздөштүрө алышат, Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тигүү буюмдарын моделдөө жана даярдоо боюнча иш алып барышат, Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык техникумунда — мейманкана жана туристтик комплексте иш ыкмаларын практика жүзүндө үйрөнүп, ОшМУнун Индустриалдык педагогикалык колледжине — тигүү жана моделдөөгө боюнча жумуштарды жасай алышат.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөн жана алар окуу-өндүрүштүк комплекстер үчүн иштелип чыккан. Ошондой эле билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген типтүү Жобонун жана Уставдын негизинде иштешет.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер толук түрдө өзүн-өзү камсыздап, киреше алып келүүчү ишмердүүлүк жүргүзүшөт. Бул окуу-өндүрүштүк комплексти камсыздоо жана иштетүү учурундагы чыгымдарды каржылап, колледждин билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет.

Жакынкы арада дагы 4 колледжде окуу-өндүрүштүк комплекс ачылат:

— Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде,

— С. Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжинде,

— К. Скрябин атындагы КУАУнун Токмок колледжинде,

— Бишкек архитектура жана курулуштагы башкаруу колледжинде.

Окуу-өндүрүштүк комплекстер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында ачылып жатат. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик билим берүүнү жана окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуу жана тарбиялоонун шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн компоненттерин камтыйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589