Чоң-Алайда оор жүк ташуучу унаанын контейнери карама-каршы жолдо келе жаткан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаанын кабинасын басып калып, эки наристе жана бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-май күнү Чоң-Алай районунун Ош – Сары-Таш –Карамык унаа жолунун 66-чакырымында, “Каздын тумшугу” тилкесинде “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын сүйрөткүчүндөгү контейнери карама-каршы жолдо келе жаткан “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.
Анын кесепетинен 2 наристе 4 жаштагы А.Б. аттуу тез жардам кызматынын унаасында, 6 жаштагы А.А., 36 жаштагы Ж.У. эркек киши жеринде каза болуп, 29 жаштагы эркек киши жабыркаган.
Жерине ӨКМнин 4 куткаруучусу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.