7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн жоголгон 28 жаштагы жигитти издөөгө 273 киши чыкты

444

Бүгүн, 22-январда Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жаранды издөө улантылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Саат 9: 30га карата жалпы 273 адам чыкса, анын 163ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу. Алар 5 дрону, 10 техникасы менен капчыгайда издөө ишин башташты. Ал эми ИИМдин 110 адам 1 дрону, 4 техникасы менен чыгышты. Жалпы 14 техника тартылды»,- деп берилет маалыматта.

Эске салсак, 14- январь күнү 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Ал акыркы жолу ошол түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камерасына тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

 

445