Бүгүн, 28-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу кыргызгидромет билдирди.
- Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө 21…26;
- Талас жергесинде 18…23;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында 21…26;
- Ысык-Көлдө 14…19;
- Нарын облусунда 15…20 болот.
- Бишкекте кечке жуук жаан жаайт. Абанын температурасы 23…25 болот.