Бүгүн, 10-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми, тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;
- Талас жергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;
- Нарын облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11;
- Бишкекте түнкүсүн -13…-15, күндүз -6…-8 градуска чейин төмөндөйт.