7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны аяктады

478

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны болуп өттү.

Жыйын башталардын алдында ЖЕЭК Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларын — Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди учурашып, тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары ЖЕЭКтин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарын өткөрүштү, ага Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов да байкоочу катары катышты.

ЖЕЭК Төрагасы, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө катышуучуларды тез өнүгүүгө жетишүү үчүн жаңы чараларды жана механизмдерди аныктоо аркылуу ЖЕЭКке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөнү улантууга чакырды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Садыр Жапаровго Кыргызстандын 2022-жылы Биримдикке ийгиликтүү төрагалык кылганы, ошондой эле бүгүнкү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында 15 документ кабыл алынды.

2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалык Россия Федерациясына өтмөкчү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479