Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми, Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;
 - Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22;
 - Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
 - Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
 - Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;
 - Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5.
 - Бишкекте түнкүсүн 3…4, күндүз 19…21 градус болот.
 



