7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Украинадагы кырдаал: КР жарандары үчүн ишеним телефондору уюштурулду, жабыркагандар жок

529

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги тарабынан ишеним телефону уюштурулду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ишеним телефону КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Украинанын аймагында жашаган кыргызстандык жарандар үчүн уюштурулду, алар консулдук жана укуктук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча кайрыла алышат.

Элчилик Украинада убактылуу же туруктуу жүргөн Кыргызстандын жарандары менен дайыма байланышта. Алдын ала маалымат боюнча, КР жарандарынын арасында жабыркагандар жок.

«КР ТИМи кыргызстандыктарды төмөнкү номерлерге кайрылууну эскертет. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги: +380997573413, +380442370346, +380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу; КР ТИМинин Консулдук кызмат департаментинин ишеним телефону +996 551 312 000 («WhatsApp»)»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

530