Бүгүн, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүйдө +21…+26,
- Талас облусунда +18…+23,
- Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25,
- Ысык-Көлдө +19…+24,
- Нарында +17…+22
- Ош шаарында +23…+25
- Бишкекте +24…+26 градус болот.