Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушу бүткөрүлдү.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын курулушу Ноокен районунун өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылды.
Баасы 57 млн сомдук төрөт үйүнүн курулушу 2021-жылы башталган. Анын ичинде:
- 26 млн сом КР Финансы министрлиги аркылуу каржыланган сумма;
- 37 млн сом Кочкор Ата шаардык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Бүгүнкү күндө төрөткана Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарынын тургундарын тейлейт. Мекеменин шарттары жакшы жана жарандарды тейлөө үчүн даяр.