7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластын мурдагы губернатору баштаган бир топ жетекчилер коррупцияга шектелип кармалды

519

УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас облусунун мурунку жетекчисин, Талас шаарынын экс-мэрин жана бир катар жогорку кызматтагы адамдарды кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын апрель айында Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоо кеңеши тигүү фабрикасынын куруу максаттуу болору тууралуу корутундусу жана сметалык документациясы жок 82 миллион сомдук долбоорду колдоп, бекитип бергени аныкталган. Мында баа жасалма жогорулатылганы белгилүү болду.

Октябрда өткөн тендерде «Ника KGК» жеңип чыгып, фабриканы курмай болгон. Акчасы курулуш бүтүп, иштер кабыл алынгандан кийин гана төлөнүп берилмек. Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору облустун ошол кездеги жетекчисинин көрсөтмөсү менен жана Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которуп берген. Каражаттын кайсы бир бөлүгү жогоруда аты аталгандарга сый акы катары ыйгарылган.

 

Териштирүү учурунда курулуштун баштапкы этабында 7 миллион сомдук эреже бузуулар аныкталып, Таластын мурунку башчысы Н.Б.Н., шаардын экс-мэри Ш.А.А., Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Т.Э.Т., Курулуш жана инженердик инфраструктура боюнча облустук башкармалыктын мурунку жетекчиси С.С.О., «Ника KG» компаниясынын өкүлү А.у.А. кармалды.

Алар Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайын киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тарабынан Талас шаарында тигүү фабрикасын куруу каралган ыңгайсыз келишимдин түзүлүшү жана «Ника KGК» компаниясына 25 миллион миллион сомдун мыйзамсыз которулушу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520