Кыргызстандын гана тышкы карызы көп десеңиз жаңыласыз. Дүйнө элин суктандырган Улуу держава Американын биз ойлогондон да карызы оголе көп. Алар – инфраструктураны оңдоого, социалдык обьекттерди, жолдорду курууга, пенсия-пособия сыяктуу социалдык төлөмдөрдү төлөө үчүн болуп көрбөгөндөй көп суммадагы карыз алган. Улам бири алып отуруп учурда тышкы карыздын көлөмү пикке жетти.
Сырттан карыз албай жашайм деген мамлекет салыктардан түшкөн акча менен өзүн-өзү багышы керек. А бул жерде чыгымдар салыктардан түшкөн акчадан алда канча көп болуп кеткен.
АКШ өлкөсү короткон чыгашалардын жылдык көлөмү 13 пайызга өсүп, ал эми кирешесинин өлчөмү 3 пайызга түшүп кеткен. Мунун жыйынтыгында бюджетте дефицит пайда болгон. Былтыркы жылга салыштырмалуу, быйыл АКШнын бюджетинин таңсыктыгы 96 пайызга өскөн. Алар бул жылы тышкы карызына 900млрд доллар гана төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетет. Бирок бул тышкы карызга берилүүчү сумманын үстөк пайызы гана.
2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу 430 млрд долларга көп каражат короткон. А бул өлкөнүн тышкы карызы туу чокуга жетти дегенди билдирет. Акыркы 20 жылда Американын карызы 400 пайызга өскөн. Жакынкы 10 жылда АКШнын карызы 50 ТРЛН. долларга жетет. Бул көрүнүш өлкөнү экономикалык кыйроого алып келиши толук мүмкүн.
Эми Кыргызстанды салыштырып көрөлү. Өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын тышкы карызы ИДПнын 70%дан аз бөлүгүн түзөт. Азыркы учурда мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга салыштырмалуу 53%га төмөндөдү. Бул көрсөткүч карыздын деңгээлинин туруктуу экенин, мамлекетибиздин экономикасынын өсүү темпинин ылдам жогорулап жатканын көрсөтөт.
2023-жылдын 31-мартына карата мамлекетибиздин тышкы карызы 4,5 МЛРД. долларды түздү. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат. 2022-жылы 33,6 МЛРД сом карыз төлөндү. Быйыл 48,6 МЛРД сом төлөнөт. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 МЛРД сом, 2025-жылга 75,1 МЛРД сом төлөө каралган.
Булак: Илязбек Балташев
Посмотреть эту публикацию в Instagram