7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Биз аймактагы саясий байланыштарды бекемдөөнү көздөйбүз

344

Биз аймактагы саясий байланыштарды бекемдөөнү, соода-экономикалык байланыштарды тездетип өнүктүрүүнү, тынчтыкка, коопсуздукка, стабилдүүлүккө жана өнүгүүгө коркунуч жараткан салттуу жана жаңы чакырыктарга каршы турууда күчтөрдү бириктирүүнү көздөйбүз. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда, президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына (КЭР) мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында өткөн «Борбор Азия – Кытай» саммитинде билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, саммиттин алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин эстеликке сүрөткө түшүү аземи болду.

Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Кытай” биринчи саммитинин байыркы борбор саналган Сиань шаарында өткөрүлүшүнүн символдуулугун баса белгиледи. Улуу Жибек Жолу дал ушул байыркы шаардан башталган.

«Буга байланыштуу быйылкы жылы Төрага Си Цзиньпиндин глобалдык масштабга чыккан «Бир алкак – бир жол» демилгесин жарыялаганына 10 жыл толуп жатканын белгилеп кетким келет. Бул демилге бүгүнкү күндө суроо-талапка ээ болуп, өзгөчө актуалдуу. Бүгүнкү Саммит өлкөлөрүбүз менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө жаңы дем берет деп ишенем», — деди Садыр Жапаров.

Ал Саммиттин күн тартиби жалпы максаттарга жетишүүнү, жалпы өнүгүү үчүн көп кырдуу кызматташууга умтулууну толугу менен чагылдырып тургандыгын белгиледи.

«Кыргыз тарап «Борбор Азия – Кытай» форматынын алкагында кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү иш алып барууга даяр. Биздин кытайлык досторубуз бүгүнкү биринчи көзмө-көз жолугушууну даярдоодо чоң иштерди жасашканын белгилей кетүүнү маанилүү деп эсептеймин. Биргелешкен аракеттер менен «Сиань декларациясы» даярдалып, макулдашылды. Ал өз ара аракеттенүүнүн негизги магистралдык жолдорун аныктаган маанилүү концептуалдык документ болушу керек», — деп кошумчалады Президент.

Мамлекет башчысы Саммиттин жыйынтыгындагы келишимдер менен демилгелердин тизмегинде кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча конкреттүү чечимдер жана ниеттер каралганын белгиледи. Биргелешип иштөө үчүн 10дон ашык механизм жана платформа түзүлүүдө, бул Форматтын күчтүү дараметин жана суроо-талапка ээ экендигин көрсөтүп турат.

«Бул документтер биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жана узакка биргелешип өнүгүүнүн жалпы кызыкчылыктарына жооп берерине ишенем. Жалпы ишти координациялай турган атайын органды — Катчылыкты түзүү идеясы кызыгууну жаратууда. Биздин өлкөлөрдүн тышкы иштер мекемелери бизге өз ара алгылыктуу жана натыйжалуу иштөө механизмин сунуштайт деп турам”, — деди Садыр Жапаров.

Жалпы Борбор Азия аймагы, анын дарамети, өнүгүү келечеги тууралуу айтып жатып, президент айрым жагдайларга көңүл бурду.

“Кыргызда “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деп айтылат. Биздин элдерибиз менен өлкөлөрүбүз эзелтеден бүгүнкү күнгө чейин улуу Кытай менен – биздин ак ниет коңшубуз, ишенимдүү досубуз жана өнөктөшүбүз менен жылуу мамилелерин сактап келе жаткандыгы – бардыгыбыз үчүн чоң олжо. Эгерде биздин аймак экономикалык кызматташтыктын жана өз ара алакалашуунун бардык формалары ийгиликтүү түзүлгөн бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндик катары калыптанса, биздин өлкөлөр үчүн бул чоң артыкчылык болуп калышы мүмкүн. Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорун биргелешип ишке ашыруу жана аны биздин өлкөлөрдүн улуттук өнүгүү стратегиялары менен шайкеш алып кетүү экономикалык күчтүү натыйжа берерине ишенем”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал бул өңүттөн алып караганда, Борбор Азиянын экономикасын өстүрүүнүн драйвери болуп аймактык транзиттик, транспорттук жана логистикалык потенциалды өнүктүрүү саналарын белгиледи. Эң алгач дал ушул багытты жигердүү өнүктүрүү дүйнөлүк экономикага интеграциялашууну шарттап, аймак ичиндеги байланышты камсыз кылып берет.

Садыр Жапаров “Бай болгуң келсе, жол сал” деген кытай эл макалын айтып өттү.

Мамлекет башчысы буга байланыштуу «Бир алкак – бир жолдун» маанилүү звеносу болууга багытталган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул стратегиялык долбоорду турмушка ашыруу аймакты транспорттук тунгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет.

«Көп полярдуулуктун калыптануу тенденцияларын эске алуу менен, биздин аймак дүйнөлүк таасир этүү борборлорунун өз ара жагымдуу алакалашуусуна себепкер болуучу геосаясий ортомчуга айланышы маанилүү. Кытай кадыр-барктуу жана таасирдүү дүйнөлүк державалардын бири катары учурда жаратман мүнөзгө ээ болуп турган маанилүү позитивдүү ролун ойнойт. Эгерде Борбор Азия өлкөлөрү бирдей маданий, тарыхый жана салттуу баалуулуктарды туу тутуп, ушуларга таянуу менен жигердүү өнүгүп келе жаткан коомдоштуктар катары өз ара алакалашса, анда алар ийгиликке жетишет. Саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, өлкөлөрүбүздөгү биргелешкен инфраструктуралык, социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды кабыл алуу туруктуу өнүгүүгө, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого эң пайдалуу таасир берери айдан ачык.

Коронавирус пандемиясынын кесепеттери, ошондой эле орус-украин жаңжалынан улам айрым өлкөлөр тарабынан киргизилген санкциялардын коркунучу биздин өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизе баштаганын белгилей кетсе болот. Бул бизден элдерибиздин экономикалык бакубаттуулугун камсыз кылуу, коопсуздукту, анын ичинде азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат», — деп кошумчалады Президент.

Макулдашуулар тизмегинде көрсөтүлгөн конкреттүү пландардын ичинен Садыр Жапаров “Борбор Азия – Кытай” жаңы экономикалык диалогунун биргелешкен Стратегиясын иштеп чыгуу; санариптик жана “жашыл” инфратүзүмдүн өз ара байланышын өнүктүрүү; артыкчылыктуу «жашыл» инвестициялык долбоорлордун маалымат банкын түзүү; көзөмөл-өткөрүү пункттарында айыл чарба жана азык-түлүк товарларын бажылык тариздөө үчүн «экспресс коридор» практикасын жайылтуу; «акылдуу» айыл чарба тармагында өз ара алакалашуу, сууну үнөмдөөчү, «жашыл» жана жогорку натыйжалуу технологияларды ишке киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу сыяктуу идеялардын жана милдеттердин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Саммиттин катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча практикалык кадамдар жасалып жаткандыгына бурду. Кыргызстан айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика тармагына инвестиция тартуунун үстүндө иштеп жатат.

«Биз кытай тараптын «Борбор Азия – Кытай» инвестициялык жана каржылык платформасын түзүү демилгесин колдойбуз. Мындан тышкары, Саммиттин жыйынтыгы менен түзүлө турган Экономика жана соода, инвестиция жана өнөр жай, айыл чарба министрлеринин, ошондой эле “Борбор Азия – Кытай” форматынын алкагындагы бажы кызматтарынын жетекчилеринин жыйындары жана жолугушуулары механизмдери сыяктуу жаңы платформалардын натыйжалуу жана жемиштүү ишине чоң үмүт артабыз. Ишканаларга жана ишкер чөйрөлөргө чарбалык иштер, бизнес жүргүзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташууда тоскоолдуктарды жана чектерди жоюу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Бул багытта биз “Борбор Азия – Кытай” Ишкерлик кеңешинин түзүлүшүн кубаттайбыз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Борбор Азия чөлкөмүнүн дагы бир атаандаштык артыкчылыгы катары Президент табигый-чийки затты, эң алды менен минералдык жана энергетикалык ресурстарды, биргелешкен өз ара пайдалуу кызматташуу жана өнүктүрүү үчүн зор дараметти атады.

«Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы гидроэнергетикадан алынгандыктан, ал “жашыл энергия” болуп саналат. Биз азырынча энергетикалык дараметибиздин 13%га жакынын гана ишке киргиздик. Мындай маанилүү тармакты өнүктүрүү үчүн өлкөбүзгө чет элдик инвестициялар зарыл. Биз бул чөйрөдө тыгыз кызматташууга даярбыз. Чет элдик компанияларды Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди, энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) курууга катышуусун карап көрүүсүн сунуштайбыз. Электр энергиябызды калкынын саны 2 миллиарддан ашкан өлкөлөргө жеткире  аларыбызды эске алсак, биз бүтүндөй регион үчүн материалдык гана эмес, экологиялык жактан да чоң дивиденддерди ала тургандыгыбыз талашсыз. Бул багытта энергетиканы өнүктүрүү боюнча “Борбор Азия – Кытай” өнөктөштүк мамилелерин түзүү идеясын колдойбуз. Бул аймактын уникалдуу тарых-таржымалы, көп түрдүү, бай маданий мурастары жана кызматташуу үчүн чоң дарамети бар. Биздин өлкөлөрүбүздү жана элдерибизди көптөгөн тарыхый, маданий жалпылыктар, окшош салт-санаалар жана ынак коңшулук мамилелер байланыштырып турат», — деди ал.

Мамлекет башчысы Борбор Азия менен Кытайдын маданий-гуманитардык мурасы искусствонун баа жеткис шедеврлери, руханий жана материалдык маданият эстеликтери, дүйнөлүк маданиятка эбегейсиз салым кошкон улуу ойчулдары менен байланыштуу экенин кошумчалады. Жалпы гуманитардык потенциалды жогорулатуу, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, туризм тармактарында конкреттүү иштерди жүргүзүү маанилүү. Кыргызстан Борбор Азия жана Кытай элдеринин маданият жана искусство жылын жана “Борбор Азия – Кытай” искусствосу боюнча жаштар фестивалынын баштоону кубаттайт.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай уюштуруучу мамлекеттер катары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында активдүү иш алып барып жатканына токтолду. Өзбекстандын демилгеси менен быйыл күзүндө 5-мааракелик жыйынын Дүйшөмбү шаарында өткөрүү пландалган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуу иш-чарасы ийгиликтүү башталды. 2022-жылдын июль айында Чолпон-Ата шаарында өткөн 4-жыйында үч мамлекет ынак коңшулук жана достук мамилелерди чыңдоого багытталган 21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Буга байланыштуу Президент Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта тынчтык сүйүүчү саясатты карманып, чек араларды жөнгө салуу маселелерин чечүүдө конструктивдүү мамиле көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

«Биз Кытай Эл Республикасы жана Казакстан Республикасы менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык. Өзбекстан Республикасы менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз. Кыргызстан Кытай тараптын глобалдык коопсуздук боюнча демилгесин колдойт. Биз Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин жалпы адамзаттын тагдыры, глобалдык өнүгүү жана глобалдык цивилизация боюнча демилгелери бар коомчулукту түзүү тууралуу жаратман идеяларын колдойбуз. БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиптерин ишке ашырууда мындай идеялардын маанилүү ролун жана зарылдыгын жогору баалайбыз. Ошондой эле Кытай тараптын коңшу мамлекеттердин жалпы келечегинин шериктештигин түзүү боюнча жигердүү аракетин жогору баалайбыз. Бул Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы достукту, ынак коңшулукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошот деп ойлойм”, — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

345