7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жаратмандарды эмне үчүн салыктан бошотту? Алмамбет Шыкмаматовдун түшүндүрмөсү

17
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Президенттин Жарлыгы менен киргизилген салык жеңилдиктеринин себептерин түшүндүрдү:
“Акыркы күндөрү Президенттин креативдүү экономика өкүлдөрүн, иштеп чыгуучуларды, стартаптарды, киноиндустрияны, маалыматтык сайттарды жана блогерлерди салыктан бошотуу чечиминин айланасында болуп жаткан талкууларды кылдаттык менен окуп жатам.
Негизинен, дээрлик бир эле аргументти байкадым. Айрым белгилүү блогерлер: “Бизге мунун кереги жок. Биз ансыз деле салык төлөп жатабыз”, – дешет. Алар туура эле айтып жатышат десек болот.
Бирок бул бир конкреттүү блогердин көз карашы менен ушундай көрүнүшү мүмкүн.
Президент болсо кеңири карап жатат. Ал бүгүнкү блогерди эмес, андан беш жылдан кийин өсүп чыга турган медиахолдингди көрүүдө.
Ал бүгүн жалгыз иштеген программистти эмес, бир нече жылдан кийин өз продукциясын дүйнөгө саткан IT-компанияны көрүүдө.
Бүгүнкү күндөгү контент жаратуучуну эмес, келечекте тасмаларды, сериалдарды, билим берүү долбоорлорун жаратып, көптөгөн адамдарды жумуш менен камсыз кылган студияны көрүүдө.
Мына бүгүнкү чечимдин негизги мааниси ушунда.
Президент бизнестин бүгүнкү көлөмүнө эмес, анын келечегине ставка коюп жатат.
Мамлекет өтө жөнөкөй нерсени айтып жатат: биз сиздердин өсүшүңүздөргө тоскоол болбойбуз. Тескерисинче, мүмкүн болушунча өсүп-өнүгүшүңүздөрдү каалайбыз.
Анткени күчтүү экономика салыктан башталбайт. Ал жаңы нерсени жараткан, кечээ эле жок болгон өнүмдөрдү жана форматтарды ойлоп тапкан адамдардан башталат.
Көптөр бүгүнкү күнгө чейин блогерди жөн гана телефон кармаган адам катары көрүшөт. Бирок бүгүнкү ийгиликтүү блогер – бул чакан медианын өзү.
Ал эми эртең ал журналисттери, операторлору, монтажерлору, продюсерлери жана маркетологдору бар толук кандуу медиа-компанияга айланышы мүмкүн. Демек, бул – жумуш орундары, өз долбоорлору жана келечектеги салыктар дегенди билдирет.
Ушундай эле көрүнүш мурда IT-компанияларга карата да болгон. Көптөр аларды олуттуу кабыл алышкан эмес. Бирок бүгүн алар бүтүндөй мамлекеттердин экономикасынын негизин түзүп жатышат.
Ошондуктан жаратмандарды салыктан бошотуу – бул айрым адамдарга берилген белек эмес. Бул жаңы кыргызстандык компаниялардын, жаңы жумуш орундарынын, жаңы орто катмардын жана жаңы экономиканын жаралышына жасалган инвестиция.
Дал ушул себептен мен Президенттин чечимин өтө алысты көрө билген, стратегиялык чечим деп эсептейм. Анткени ал мамлекеттин мамилесин түп-тамырынан өзгөртүп жатат.
Жылдар бою биз: “Адегенде салык төлө, анан өнүк” деген принцип менен жашап келдик.
Бүгүн Президент адегенде өсүп-өнүк, бутуңа бекем тур, өнүм жарат, андан кийин гана ири салык төлөөчү бол деген башкача моделди сунуштап жатат.
Жөнөкөй тил менен айтканда, мамлекет жаратмандарга салык маселелерине күч коротпогула, аны жаңы өнүмдөрдү жаратууга жумшагыла дейт.
Менин оюмча, дал ушул – акылга сыярлык экономиканын өзү.
Ошондуктан парламент бул демилгени колдойт деп үмүттөнөм. Анткени сөз айрым кесиптерге жеңилдик берүү жөнүндө эмес.
Сөз Кыргызстандын экономикасы он жылдан кийин кандай болору жөнүндө болуп жатат.
Эгер бул демилге жакшы натыйжа берсе, жакынкы жылдары биз жаратмандар үчүн салык жеңилдиктери тууралуу эмес, жумуш орундарын түзгөн, өз өнүмдөрүн дүйнөгө саткан жана өлкөнүн экономикасын өнүктүргөн жаңы кыргызстандык компаниялар тууралуу сөз кыла турган болобуз”.
18