Кыргызстандын тоо-кен тармагында жаңы ири өндүрүштүн пайдубалы түптөлүүдө
10
Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу толугу менен өз күчүбүз жана өз каражатыбыз менен ишке ашырылып жаткан бул масштабдуу долбоорду «Кумтөр Голд Компани» колго алып, анын туунду ишканасы «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишке ашырууда.
Ачылгандан бери дээрлик жарым кылым өтсө да, Тоголок кенин иштетүүгө буга чейин эч ким батынган эмес. Анткени бул кен Кыргызстандын эң алыскы, жетүүгө кыйын аймактарынын биринде, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте, аба ырайы саат сайын кескин өзгөрүп турган, катаал климаты, тик аска-зоолору менен мүнөздөлгөн Ак-Шыйрак тоо кыркаларынын койнунда жайгашкан.
Шарты катаал, жолу татаал бул кенди иштетүү чынында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» кызматкерлеринин чыдамкайлыгын, билимин, тажрыйбасын жана кесипкөйлүгүн текшерген чоң сыноо болгону турат. Бул тоскоолдуктарга моюн сунбай, компания кызматкерлери аз убакыт ичинде чоң жумуш жасашты. «Жол азабы көр азабы» демекчи, бир жеңил унаа араң баткан кууш жолдор кеңейтилип, Кайчы дарыясына жаңы көпүрө салынды. Инфраструктурасын, материалдык-техникалык базасын жакшыртууга олуттуу аракеттер көрүлдү.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Канимет Токтосуновдун айтымында, бүгүнкү күндө Тоголок кенинде карьер толугу менен иштеп жатат.
«Буюрса 1-1,5 ай ичинде алтындын коруна жетүүнү көздөп турабыз. Бул максатта «Кумтөр Оперейтинг Компани» тарабынан 8 даана чоң карьердик самосвал, 2 чоң карьердик экскаватор, жүктөгүч, жол тазалай турган чоң карьердик грейдер алынган. Мындан тышкары 6 айдын ичинде кендеги кызматкерлердин шартын оңдоо максатында 85 орундуу заманбап модулдук жатакана салынды» – дейт Канимет Токтосунов.
Ушул жылдын жаз айынан тартып тоо-кен жумуштары башталган Тоголок кенинин карьеринде учурда кыртыш ачуу иштери жүрүүдө. Ал эми Алтын ылгоочу фабрика, жумушчулардын жатагы, калдык сыяктоочу жай сыяктуу өнөр жай объектилерин нөлдөн баштап, аягына чейин толугу менен куруп берүү боюнча атайын сынак өткөрүлүп, эл аралык тажрыйбасы чоң кытайлык «Нерин Инжениринг» компаниясы тандалып алынган жана тиешелүү келишимдерге 2026-жылдын апрель айында ЕРС келишимине кол коюлду. 40 жылдык тарыхы бар бул компания мындай долбоорлорду дүйнөнүн АКШ, Россия, Австралия, Чили, Түштүк Африка Республикасы, Түркия, Египет сыяктуу ондогон өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашырган.
«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жалгыз акционери «Кумтөр Голд Компанинин» толук каржылоосу менен өздөштүрүлүп жаткан Тоголок кени кыргыз экономикасынын дагы бир кубаттуу артериясына жана ишенимдүү каржы булагына айланганы турат.
Жакында эле «Кумтөр Голд Компанинин» Мүдүрлөр Кеңеши Тоголок кен жайына жумушчу сапары менен барып, тоонун катаал шартында аткарылып жаткан реалдуу иштерге, кенчилердин эркине жана кыска убакыттагы жетишкендиктерге жогору баасын беришти.