7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

4

17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

  • Темир жол линиясынан – Раззаков көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү – Панфилов көчөсү – Фрунзе көчөсү – Гоголь көчөсү – Жумабек көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Осмонкулов көчөсү – Аламүдүн суусуна чейинки аймак.

  • Көк-Жар суу топтомосунан – М. Горький көчөсүнөн төмөн жагы – Л. Толстой көчөсүнө чейин – Матросов көчөсүнүн батыш тарабы – 7-Апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы.

  • М. Горький көчөсүнөн – 7-Апрель көчөсү – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Суванбердиев көчөсү – Шүкүров көчөсү – Скрябин көчөсү – Бектенов көчөсүнө чейинки аймак.

Суу Көк-Жар суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Бишкек мэриясы ишканаларды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

5